Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Саясатчылардын арасынан Аскар Акаевдин бедели жогору


БИШКЕК. «Социнформбюро» социологиялык кызматы декабрь айында жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде Кыргызстандагы 40 таасирлүү саясатчынын рейтингин жана келечектүүлүгүн аныктады. Сурамжылоонун жүрүшүндө саясатчынын таасирдүүлүгү, мына ошол таасиринин сапаты жана келечектүүлүгүнө жараша упай берилген. Жалпы топтогон упайы боюнча президент Аскар Акаев биринчи орунга, коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов экинчи орунга, ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев үчүнчү орунга чыккан. Бирок келечектүүлүгү боюнча Курманбек Бакиев 40 саясатчынын ичинен алдыңкы, ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экинчи орунду ээлеген. Сурамжылоого 50 адис тартылып, бирок алардын аты ачык айтылган эмес. Адегенде адистерге 78 саясатчынын аты-жөнү сунушталган, бирок сурамжылоонун жүрүшүндө эң таасирлүү 40 саясатчы тандалып алынган. Бул тууралуу «Социнформбюро» социологиялык кызматы маалымдады.

XS
SM
MD
LG