Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

КДК партиясы Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө барышына каршы


БИШКЕК. Бүгүн «Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы» билдирүү таратып, анда партиянын түштүктөгү аймактык бөлүмүнүн президент Аскар Акаевдин кызмат мөөнөтүн адегенде 7 жылга, андан кийин 5 жылга узартуу жөнүндөгү кайрылуусуна каршы экендигин билдирди. Партиянын билдирүүсү боюнча, ал Конституциянын 43-беренесинин 1-, 2-пункттарына, «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамдын 3-,8-,13–беренелерине жана партия уставынын үчүнчү бөлүгүнүн 3-пунктуна, төртүнчү бөлүгүнүн 4-пунктуна каршы келет. Ушундан улам өзүн Кыргызстандагы демократиялык чыныгы партия эсептеген КДК ар дайым Конституцияны, мыйзамдарды бекем сактап, алардын бузулушуна дайыма каршы турарын жарыя кылды. Ал эми партиянын түштүктөгү бөлүмү аталган кайрылууну элге өткөн айдын аягында жолдогон болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG