Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

ЖАҢЫ ДУМА: БИР ПАРТИЯЛУУ ПАРЛАМЕНТ


Россиянын жаңы шайланган Мамлекеттик Думасы дүйшөмбү күнү биринчи жыйынга чогулуп, уюштуруу иштерин жана процедуралык айрым маселелерди карады. Палатанын спикерлигине “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери, мурдагы ички иштер министри Борис Грызлов шайланды. Сессиянын ачылышында президент Владимир Путин сөз сүйлөп, жаңы Думаны биринчи кезекте калктын жашоо шартын жакшыртуу маселелерин, алардын арасында айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо жана ипотекалык рынок чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүүгө чакырды.

Постсоветтик тарыхта жаңы шайланган Думанын биринчи сессиясына президент катышып, арнайы сөз сүйлөгөн учур болгон эмес эле. Путин бул салтты бузуп, Думанын коомдогу ролун оң маанайда баалады. Акыркы жылдарда көп нерселер өзгөрдү, деп белгиледи Путин. Дума өзгөрдү, атүгүл бүткүл өлкө өзгөрдү. Мунун баары бат эле боло койгон жок, ошентсе да саясий тирештердин ордуна Думада конструктивдүү жана үзүрлүү мыйзамгерлик иштер башталды. Бул мезгилди Путин атамекендик парламентаризмди бекемдөө маалы деп атады. Жаңы Дума, Путиндин ишениминде, демократиянын модели катары кызмат кыла алат.

Постсоветтик мезгилден бери Дума ушуну менен төртүнчү ирет шайланды. Бу жолу ага биринчи ирет демократиялык оппозициянын өкүлдөрү өтпөй калды. Биринчи ирет Думадагы конституциялык көпчүлүк бир партиянын контролдугунда калды. Палатадагы 450 орундун 300ү “Бирдиктүү Россияга” тийди. Аталган фракция бу артыкчылыгынан дароо эле пайдалана баштады. Анын өкүлдөрү өз лидерин, мурдагы ички иштер министри Борис Грызловду палатанын спикерлигине шайлашты, дагы эки депутатын ага орунбасар кылып бекитишти. Грызлов бир эле мезгилде “Бирдиктүү Россиянын” фракция башчысы бойдон калды. Эмдиги жыйында, 16-январда Думадагы комитеттердин жетекчилери шайланат, анда да көпчүлүк кызматтар “Бирдиктүү Россиянын” мүчөлөрүнө тиет дешет.

Көз карандысыз депутаттардын бири Владимир Рыжков мындай абалды демократия үчүн кооптуу кырдаал деп баалады. ”Бирдиктүү Россия” айныксыз көпчүлүк мандатына таянып, кааласа Конституцияны өзгөртүп кое алат. Ошол себептен Рыжков Конституциялык сотко кайрылуу үчүн негиз түзүлгөндүгүн билдирди. Экинчи бир байкоочулар жаңы Думаны советтик жана россиялык бир партиялуу парламентке салыштырышты.

Думанын биринчи жыйынында процедуралык айрым эрежелер да өзгөртүлдү. Атап айтканда, депутаттык бирикме түзүү үчүн мурдагыдай 35 эмес, эми 55 мандат керек болот. Бул чечимди айыптап, оңчул күчтөр союзунун бир мандаттуу округдан шайланган өкүлү Павел Крашенников “бирдиктүү россиялыктарды” Думаны узурпациялап алды деп сындады. Мындай шартта палатада депутаттык эки эле бирикме пайда болот: жаңы эрежеден ”Бирдиктүү Россиянын” соңунан коммунисттер гана пайдалана алат, алар жаңы Думага алда-жалда менен элүү алты мүчөсүн араң өткөрүштү. Коммунисттер биринчи мерте Думада эч кандай таасири жок күчкө айланды. “Родина” блогу менен Жириновскийдин улутчул либерал-демократтары оппозицияга эмес, ”кремлчил” фракциянын улуттук-патриоттук платформасына жакын турат.

Парламентаризмди өнүктүрүү борборунун башчысы Андрей Захаров жаңы Думанын жүрөгү жана мээси палатанын өзүндө эмес, андан сырткары жакта турат деп эсептейт. Мындан мурдагы Думада деле президент талап кылганда кабыл алынбай калган бир дагы мыйзам болбогондугун эске салып, Захаров бул процесс эми андан да шыдыр жүрө баштайт деп кошумчалады.
XS
SM
MD
LG