Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Казакстандын соту журналист Сергей Дувановдун жаза мөөнөтүн өтөө тартибин жеңилдетти


Соттун чечими боюнча Сергей Дуванов түрмөдөн колонияга которулат. Айыпкердин коргоочусу, Адам укуктары боюнча Алматыдагы эл аралык бюронун башчысы Евгений Жовтистин айтымында, жакын арада сотто журналистти эркиндикке мөөнөтүнөн мурда чыгаруу маселеси да каралышы мүмкүн. Дуванов "бойго жете элек кызды зордуктаган" деген айып менен быйыл жыл башында үч жарым жылга түрмөгө кесилген. Эл аралык уюмдар бул сот ишинин саясий жүйөөсү бар экенин белгилеп, казак өкмөтүн сынга алган эле. Сергей Дуванов кезинде казак президенти Нурсултан Назарбаев менен анын тегериндеги адамдардын коррупцияланышканы тууралуу бир катар макалаларды жазган.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG