Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Лоя Жырга бийлик бөлүштүрүү маселесинде мунасага келе албай жатат


Оогандардын жалпы улуттук жыйыны Лоя Жырганын 500дөн ашуун делегаты өлкө Конституциясынын долбоорун үчүнчү апта бою талкуулоодо. Кечээ Конституциянын бийлик бөлүштүрүүнү караган жоболору боюнча улуттук тайпалар арасында мунаса табылбаганына байланыштуу добуш берүү токтотулду. Лоя Жырганын жетекчилери учурда Улуттар уюмунун жана АКШнын расмий өкүлдөрү менен бирге талаш маселе боюнча орток пикирге келүүнүн үстүндө иштөөдө. Ооган президенти, улуту боюнча пуштун Хамид Карзай Конституцияда президенттик башкаруу системасы каралышын жактайт. Ал эми тажик жана өзбек тайпалары премьер-министрдин кызматы киргизилип, парламенттин ыйгарым укуктары кеңейтилишин көздөөдө.

XS
SM
MD
LG