Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЖАҢЫ ЖЫЛДА: ӨЗҮ ДА КЕҢЕЙЕТ, ТҮЙШҮГҮ ДА КӨБӨЙӨТ


Эми босогобуздан кирип келген жаңы, 2004-жылда күтүлгөн европалык олуттуу окуя тууралуу сөз козгойлу. Төрт айдан соң Европа Биримдиги он жаңы мүчө-өлкө үчүн кучак жаймакчы. Эмитен эле он беш өлкөдөн турган бул Биримдиктин болочокку тагдыры европалыктардын айрымдарын санааркатса, башкалары мурда болуп көрбөгөндөй жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп бул учурду шаттана күтүүдө.

Жаңы, 2004-жылдын 1-майында Европа Биримдигине он жаңы өлкө мүчөлүккө кабыл алынууда. Алар – Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Малта, Словакия, Словения, Польша, Чехия жана Эстония. Булардын ичинен сегизи социалисттик түзүлүштү баштан кечиргендер, алардын ичинен үчөөнү – балтикалык өлкөлөрдү - Советтер Биримдиги экинчи дүйнөлүк согуш маалында басып алган болчу.

Бул мамлекеттердин баары тең Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүнү ак эткенден так эте күтүп, жаңы учур өз өлкөлөрүн Европа коомчулугу менен кайрадан жана биротоло баш коштурган чоң окуя болот деп баалашууда.

120 күндөн кийин орун алчу бул кеңейтилиштин натыйжасында, Европа Биримдигинин жалпы калк саны 450 миллионго жетет. Кытай менен Индиядан кийинки үчүнчү орунда турган мындай ири калайык тобу ошончолук залкар түйшүктөргө туш келээри да шексиз.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Европа саясатын изилдөө чордонунун серепчиси Майкл Эмерсондун оюнча, 2003-жылдын 12-13-декабрындагы Европа Биримдигинин саммитинде лидерлердин бул уюмдун туңгуч конституциясын кабыл ала албай таркашын жаңы жыл үчүн санааркатчу жышаана катары кабыл алса болот:

- Ансыз да татаал түзүлүш болуп саналган бул кеңейген Европанын иштери өзгөчө жогорку деңгээлдеги саясий кубатты жана биримдиктин көйгөйлөрүнө өзгөчө астейдил көңүл бурууну талап кылат. Демек, 2004-жылы Европа Биримдиги көбүнесе курулай сүйлөшүү жүргүзүүлөр менен алпурушуп калышы ажеп эмес.

Эмерсондун оюнча, маселен, 2004-жылы Европа Биримдиги Орусия менен өз ара алакаларында тийешелүү жаңы баскычка көтөрүлбөстөн, мурдагы жыйынтыкты таразалоо менен гана чектелип калышы ыктымалдан алыс эмес.

Январдан тартып алты ай бою Биримдиктин президенттигин аткарчу Ирландия Евробиримдиктин конституциясы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштоого аргасыз болот.

Албетте, Биримдиктин жаңы доорун чыдамсыздык менен күтүп жаткандар да жок эмес. Чех жаштарынын маанайы тууралуу прагалык кесиптешибиз Йитка Шрумова мындай дейт:

- Чех жумуриятында, өзгөчө алганда, жаштар, өлкөбүздүн Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүп жатышын шаттануу менен кабыл алууда, анткени алар болочокто өздөрү үчүн Европанын ар кыл өлкөлөрүндө иштөө жана окуу мүмкүнчүлүгү ачылат деп үмүт байлашат.

“Жаңы жыл бизге да Евробиримдикке 2007-жылы өтүүбүз үчүн эшик ачып берээр” деп үмүттөнгөн эки пост-коммунисттик өлкө - Болгария менен Румыния. Ал эми Европа Биримдиги декабрда убада кылган нерсе – Түркиянын мүчөлүккө өтүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр - 2004-жылы чындап башталса экен дегенде расмий Анкаранын эки көзү төрт.

Ошентип, Жаңы жыл – Европада да жаңы үмүттөр менен демилгелердин, ошондой эле жаңы түйшүктөрдүн да жылы болмокчу.

XS
SM
MD
LG