Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан БУУга канча мүчөлүк акы төлөйт?


БИШКЕК. Жакынкы 3 жылда Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмуна төлөй турган мүчөлүк акысынын көлөмү уюмдун жалпы чыгымынын 0,001% түзөт. Мындай маалыматты «Кабар» агенттиги БУУнун басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып таратты. Ал маалыматка караганда, жаңы жылда Орусиянын мүчөлүк акысы 1,2%дын 1,1%га түшүп, 16 млн. долларды түзө турган болду. Ал эми БУУга эң ири суммадагы мүчөлүк акы төлөгөн АКШ уюмдун жалпы чыгымынын 22%, Жапония 19,5% төлөйт. Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен эң көп акча төлөгөн Казакстан. Анын акысы уюмдун чыгымынын 0,0025% түзөт.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG