Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Мунай өндүрүшү жандандырылат


БИШКЕК. 2004-жылы Кыргызстанда 90 миң тонна мунай өндүрүлөт. Анын 75,5 миң тоннасын «Кыргызнефтегаз» акционердик коому тышкы инвесторлорду тартуу менен өндүрөт. Ал эми кыргыз өкмөтү кабыл алган 2010-жылга чейин мунай тармагын өнүктүрүү боюнча программага ылайык 2010-жылдан тартып Кыргызстан жылына 126 миң тонна мунай өндүрүүгө милдеттүү. Программа боюнча, аны өндүрүүгө 10 млрд. 469 млн. 800 миң сом зарыл. Анын ичинде «Кыргызнефтегаз» акционердик коому геологиялык иликтөө иштери үчүн жылына 120 млн. сом сарптайт. «Кыргызнефтегаз» ишканасы бул программаны ишке ашыруу үчүн азыр Австралиянын «Экш Гидрокарбонс», Кытайдын «Гуньи» компаниялары жана Кытайдын «Проадтек» улуттук нефтехимиялык корпорациясы менен кызматташып жатат. Мындай маалымат бүгүн Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG