БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Кыргызстандын элин жаңы жылы менен куттуктап, КТР аркылуу жаңы жылдык кайрылуусун жолдоду. Президент жаңы жылдык куттуктоосунда 2003-жылдын жыйынтыгын чыгарып, келе жаткан 2004-жылда Кыргызстандын элинин алдында турган милдет, багыттар тууралуу маалымат берди. Аскар Акаев 30-декабрда Кыргызстандын калкынын суроолоруна жооп берген учурда 2003-жылдагы башкы окуя - кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө болгондугун, ал эми жаңы жылда жакырчылыкты жоюуга жалпы элдин жапатырмак катышуусу зарыл экендигин билдирген.