Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Голан дөңсөөсүндөгү жөөт келгиндеринин саны көбөйтүлөт


Израил кийинки үч жылдын аралыгында Сириядан 1967-жылы тартып алынган Голан дөңсөөсүндөгү жөөт келгиндеринин санын көбөйтүүнү пландаштырып жатат.
Израилдин айыл чарба министри Израэл Кацтын сөзүнө караганда, Сирия менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин кандайдыр бир деңгээлде бул өлкө менен мамилени бекемдеп алыш керек.
Ал эми израил сыналгысы бул чөлкөмгө жаңы турак-жайларды куруу, туризмди өнүктүрүү жана агрардык-өнөр жай инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жети миллион доллар бөлүнгөндүгүн кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG