Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

МЕЧИН ЖЫЛЫ: ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Күн календарына негизделген куттуу майрам – Жаңы Жыл дүйнө жүзүндөгү калктардын басымдуу көпчүлүгү тарабынан белгиленди. Улутуна, динине, расасына, саясий айырмалуу түзүлүштөрүнө карабай эл аралык коомчулук дээрлик жапатырмак белгилеген бул майрам учурунда адамзаттын олуттуу көйгөйлөрү да талкууга алынып жатты.

Жаңы Жылды жапондор ордо шаар Токионун көчөлөрүндө шаттануу менен тосуп алышты. Жаңы Зеландия, Кытай, Филиппин жана Австралияда да ушундай эле оюн-зооктор уюштурулду. Сиднейдеги фейерверкти жүз миңдеген кишилер шатыра-шатман болуп байкап турушту. Ал эми прагматик ханзулар үстүбүздөгү айдын соңунда (январдын 22синде) өздөрүнүн жаңы жылы – мечин (маймыл) жылын дагы бир жолу белгилешет.

Маскөөдө, Прагада, Парижде жана Лондондо жаңы жылдын алгачкы мүнөттөрүнө бир нече саат калгандан тартып эле көчөлөрдө салют атылып, көз жоосун алган фейерверк асманды жаркытып жатты.

Эл аралык коомчулук бул майрамды өткөн жылдын жакшы жана кейиштүү жактарын таразалап, болочокку коомдук адымдар тууралуу талкуу кылуу үчүн да пайдаланат эмеспи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Кофи Аннан кечээ Нью-Йоркто БУУнун баш кеңсесинде чыгып сүйлөп, өткөн жыл кыйла дүрбөлөңдүү болгонун, Ирактагы согуш жана тынчтык маселеси нечендеген элдерди жиктегенин белгилеп, жалпы дүйнө коомчулугун бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга чакырды:

.- Биз эми эч кандай убадага муктаж эмеспиз. Биз буга чейин айтылган убадалардын орундалышына муктажбыз. Келгиле, Жаңы Жыл үчүн айтылган бардык жакшы тилектерибизди жүзөгө ашыралы. Мен Сиздерге Жаңы Жылыңыздар куттуу болсун деп тилейм. .

Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин оюнча, эгерде Жакынкы Чыгышта демократиялык жараян ийгиликке жетишсе, анда 2004-жыл былтыркыдан алда канча коопсуз жыл болушу мүмкүн. Ирактагы өзгөрүүлөрдү жана Ливия өкмөтүнүн эл аралык курал-жарак көзөмөлдөөчүлөрүнө өлкөнүн массалык кыргын куралдар долбоорун текшерүүсү үчүн уруксат бергенин Блэр мырза жаңы жыл үчүн жакшы жышаана катары баалады.

Рим папасы Иоанн Павел Экинчи Ватиканда кечээ өткөрүлгөн сыйынуу жөрөлгөсүн дүйнөдөгү бейпилдикке багыштады. Ал террорчулукка каршы күрөш жазалоо чаралары менен эмес, саясий усулдар менен жүргүзүлүүгө тийиш деп Жаңы Жылдын алдыңкы күнү баса белгиледи. 83 жашар папа бүгүн католик чиркөөсүнүн Дүйнөдөгү тынчтык күнүнө арналган сыйынуу жөрөлгөсүн алып бармакчы.

Кыргыз президенти Аскар Акаев Жаңы Жылга саналуу мүнөттөр калганда жалпы улутка сыналгы аркылуу кайрылып, өткөн жылдын өтө олуттуу окуясы катары кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык мааракесинин белгиленишин айтты:

.- Касиеттүү Кыргызстандын аты эң алгачкы ирет дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанылып, эки миң жыл бою баскан улуу жолубуз, жыйнаган маданий жана руханий табылгаларыбыз жалпы адамзатка дайын болду. Бүт жер жүзүнө айгине болгон бул маараке БУУ тарабынан “Кыргыз мамлекеттигинин жылы” деп жарыяланды жана баскан улуу жолубуздун тарыхый натыйжасы катары татыктуу бааланды. .

Кыргыз мамлекет башчысы Жаңы Жыл үчүн өкмөттүк милдет коррупцияга каршы күрөш жана социалдык коргоону жакшыртуу менен байланыштуу экенине да ишаара кылды:

.- 2004-жыл – “социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылы” деп жарыяланды. Мындагы биздин максатыбыз – элдин турмушун жакшыртып, кедейликти кыскартуу.

Кыргыз оппозициясы болсо олуттуу саясий өзгөрүүлөр быйыл эмес, келээрки жылы орун алат ко деп үмүттөнүүдө.

Ал эми Грузия калкы болсо жаңы жылды 4-январга белгиленген президенттик эрте шайлоонун босогосунда тосуп, өлкөнүн саясий болочогу кандай болоор экен деген түпөйүл сезимде болууда.

Жаңы Жылды тосуу жалаң гана сыналгыдагы эрмектик берүүлөр, аянттардагы, дасторкон четиндеги күлкү, шапар тебүү, тост айтуу, оюн-зооктор менен гана эмес, дээрлик бардык өлкөлөрдөгү коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү менен да коштолду. Кошмо Штаттардын аба мейкиндигин аскер аба учактары кылдат көзөмөлгө алып турду. Нью-Йорк жана Лас Вегас сыяктуу шаарларга учуулар кыйла чектелди. Расмий ураан катары чакырылбаса да, коопсуздук маселеси жаңы жылдын башкы көйгөйү бойдон кала берээри айдан ачык.

Эмесе, Сиздерге Жаңы Жылда коомдук бейпилдик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбат турмуш каалай кетели.

XS
SM
MD
LG