Элдик жыйындын 500дөн ашуун делегаттары эки жумадан бери президенттин бийлик укуктарынын тегерегинде талашып-тартышып жатат. Өлкөнүн лидери Хамид Карзайдын бийлигин колдогон пуштундар президенттин күчтүү бийлигинин орнотулушун жакташууда. Ал эми өзбек, тажик лидерлери премьер-министрдин кызмат орду жана күчтүү парламенттин керектигин айтып чыгышты.
31- декабрга болжолдонгон элдик жыйындын өтпөй калгандыгы үчүн Карзай делегаттарды күнөөлөдү.
31- декабрга болжолдонгон элдик жыйындын өтпөй калгандыгы үчүн Карзай делегаттарды күнөөлөдү.