Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Исламабабадда Пакистан- Индия Саммити өтөт


Индиянын премьер –министри Атал Бихари Важпайи жана Пакистан лидери Первес Мушараф ушул аптанын аягында өтүүчү саммитте акыркы эки жылдын аралыгында биринчи жолу бетме-бет жолугушат.
Кездешүү Түштүк Азия регионалдык кызматташуу ассоциациясынын Исламабаддагы Саммитинин биринчи күнү болот.
Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Важпайи азырынча Пакистандын өкмөт башчысы Задарулла хан Жамали менен кездешүүгө ынтызар экендигин билдирди. Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы достук кызматташтыкты чыңдоого ийгиликтүү салым кошо алат.

XS
SM
MD
LG