Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Жалалабадда өспүрүмдөрдүн басылмасы чыкты


ЖАЛАЛАБАД. 3000 нускада жарык көргөн «Классташ» аттуу жаңы басылма жаштар менен мектеп окуучуларына арналган. 16 бет менен чыга баштаган басылманы жазуучулар союзунун мүчөсү Абдрасул Эшалиев уюштурду. Алгачкы санында балдардын чоң муундар, бүгүнкү турмуш, мектеп менен коомчулуктун мамилеси жөнүндөгү ой-пикирлери жарыяланды. Окууга барбай, араба түртүп, көрүнгөн жерде баш калкалаган кайырчы наристелердин жашоосу тууралуу макалага орун берилди. Эшалиевдин сөзү боюнча облус борборунда эле көчөдө калган 400гө жакын бала бар. Мектептин ички иштерине ар бир баладан топтолуучу акчалар жөнүндө маалыматтар басылды. Гезит 5 сомдон балдар аркылуу сатылат. Келечекте басылма балдар тарткан көркөм сүрөттөр менен коштолмокчу.

Кабарларды Азиза Турдуева даярдады.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG