Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Талас облусунда ири инвестициялык долбоор ишке кирди


ТАЛАС. Карабуура районунда наркы 3 млн. 300 миң АКШ долларлык суу сактагычтын курулушу башталды. Ага акча кыргыз өкмөтү тарабынан бөлүндү. Суу сактагыч бүтсө, шор топурактуу 10 миң гектарга жакын аянтка суу берилет. Райондун эли шор топурактуу жерлерди суу менен камсыз кылуу өтүнүчү менен, өкмөткө 7-8 жылдан бери кайрылып келген. Райондун администрация башчысы Бактыбек Курманбаевдин айтымында, суу сактагыч райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Анткени, жердин тартыштыгынан улам жер үлүштөрүн алалбай калган күрт, түрк улутундагы тургундардын саны да арбын. Алар бир топ жылдардан бери нааразылык дооматтарын өкмөткө, парламентке чейин айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG