Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

«Айылбанкы» түзүлөт


БИШКЕК. Кыргыз айыл-чарба корпорациясынын негизинде «Айылбанкы» түзүлмөкчү. Январь айы ичинде корпорация банк катары каттоодон өтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт. 1993-жылы түзүлгөн «Кыргыз айыл чарба корпорациясы» учурда өлкөдөгү ири кредиттик-каржылоо уюмунун бири болуп эсептелет. Азыр корпорациянын республика боюнча 11 филиалына бириккен 45 райондук өкүлчүлүктөрү бар. Кредиттик портфелинин көлөмү 1 млрд. 230 млн. сомду түзөт. «Айылбанкынын» негизги максаты - дыйкан чарбаларга, айыл чарба тармагында ишкердик жүргүзүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына, элет жеринде тейлөө кызматтарын жакшыртууга кредиттик жардамдарды көрсөтүү болуп эсептелет. Учурда «Айылбанкынын» 2004-2006-жылдардагы өнүгүүсү боюнча стратегия иштелип чыкты. 2006-жылы «Айылбанкынын» кредиттик портфели 2 млрд. сомго чейин жогорулашы болжолдонууда. «Кыргыз айыл чарба корпорациясынын» жетекчиси Бактыгүл Жээнбаеванын маалыматы боюнча, азыр корпорациянын кредиттеринин үстөк пайызы 17-18% түзсө, келээрки 5 жылдан кийин ал 10-13% чейин төмөндөшү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG