Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

«Кыргызтелекомду» сатуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясын сатуу боюнча Швециянын «Swoltel» компаниясы менен сүйлөшүүлөр улантылат. Мындай маалымат мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттен алынды. Азырынча өз ара пикир келишпестиктер тарифтерди жогорулатуу, республиканын алыскы аймактарын телефон байланыштары менен камсыз кылуу маселелерине байланыштуу болуп жатат. Өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу боюнча тендердин алгачкы жыйынтыгы өткөн жылдын июнь айында жарыяланган. Ага ылайык, Швециянын «Swoltel» компаниясы жеңүүчү деп табылган. «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алууга Швециянын аталган компаниясынан тышкары Орусиянын жана Германиянын компаниялары, Түркия менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы биргелешип түзгөн концорциум жана Казакстандын эки компаниясы катышкан. «Swoltel» компаниясы «Кыргызтелекомдун» 51% акциясы үчүн 15 млн. 600 миң доллар сунуштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG