Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Пенсия көбөйдү


БИШКЕК. Жыл башынан тартып пенсиянын көлөмү 9% жогорулашы күтүлүүдө. Учурда республикада 535 миңге жакын пенсионер бар. Акыркы жолу өлкөдө пенсия өткөн жылдын апрель айында 15% көбөйгөн. Ага чейин пенсиянын орточо көлөмү 560 сом болгон. Ушул тапта пенсиянын орточо өлчөмү 600 сомду түзөт. Ал эми пенсиянын минималдуу өлчөмү 200 сом. Республикада пенсионерлер үчүн керектөөнүн минималдык өлчөмү болсо 1200 сомду түзөт. Башкача айтканда, пенсиянын өлчөмү өлкөдөгү минималдык керектөөнүн өлчөмүнөн 2 эсеге, ал эми орточо айлык акыдан 3 эсеге төмөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG