Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ирандын Бам шаарында бейшембиде 30га жакын катуу жер титирөө болду


Ирандын Бам шаарында бейшембиде 30га жакын күчтүү жер титирөө болду. “Азаттыктан” буга чейин кабарлангандай, жыл аягында болгон жер титирөөдөн шаар дээрлик тыптыйпыл болуп, 30 миң киши каза таап, дагы 40 миңдей адам үй-жайсыз калышкан. Бейшембиде куткаруучулар жер титирөөдөн 6 күн өткөн соң аман калган дагы эки адамды таап чыгышты. Жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучуна карабастан, 60тай өлкөнүн куткаруучулары жана кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү өз иштерин улантып жатышат. Алардын арасында америкалыктар да бар. Алар 1979-жылы болгон Иран революциясынан бери бул өлкөгө алгачкы жолу баш багышы. АКШнын Юстиция министрлиги Иранга карата банк операцияларын чектеген жоболорду бул өлкөгө жардам көрсөтүүнү жеңилдетиш үчүн алып салды. Ирандын жетекчилиги бул чечимди колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG