Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

ШЕВАРДНАДЗЕ: «ТБИЛИСИДЕГИ БИЙЛИК АЛМАШУУ ТҮРК-ГРУЗИН АЛАКАЛАРЫНА КЕСЕПЕТИН ТИЙГИЗБЕЙТ»


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Өткөн жылдын олуттуу окуйаларынын бири - Грузийадагы “Баркыт ыңкылап” деп аталып калган кансыз төңкөрүлүш болду. Президент Эдуард Шеварднадзе өзүнүн бийликтен кетүүсүнө алып барган окуйалар менен байланыштуу Түркийанын “Ен-Ти-Ви” (НТВ) сыналгысынын кабарчысы менен маектешип, Түркийа менен мамилелер мындан ары дагы кадыресе багытында улантыла берээрин байандады.

Былтыр 2-ноябрда Грузияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорго мытаамдык аралашып, бурмалоолор арбын болгондугу тууралуу ички жана сырткы айыптоолордун тушунда нойабр айынын соңунда президент Э.Шеварднадзенин бийлиги кулап, батышка жакындыгы менен таанымал Михаил Саакашвили жана 23-ноябрдан бери президенттик милдетти убактылуу аркалап жаткан Нина Буржанадзенин тарабы бийликке келди.

“Мен эч качан өз элимди саткан эмесмин жана элимди кыйын кезеңге салбайм; ошондуктан өз ыктыйарым менен кызматтан чегинүүнү туура деп таптым” деген сөздөрү менен эсте калган Шеварднадзе, нойабрдагы окуйалар тууралуу Түркийанын “НТВ” сыналгысы менен болгон майектешүүсүндө, кан төгүүлөргө жол койбой туруп жаңжалдын чечилүүсүн каалагандыктан, армийага буйрук бербей, кызматынан кетүүнү чечкендигин айтты. Ал ошол катарда, өлкөсүндө оппозитсийага мыйзамсыз жолдор аркылуу каржылык колдоо көрсөттү деп Жорж Соросту күнөөлөп, Грузийанын АКШ менен мамилеси жакшы экенин жана шайлануучу жаңы бийлик Түркийа менен дагы жакшы багыттагы байланыштарын уланта берээрин билдирди.

“Жорж Соростун айабай терс таасири болду. Эгер ушу тапта президент болсом, аны дароо Грузийадан чыгарып жиберээр элем, анткени ал сайасий жарайанга одоно кийлигишти. Анын мүдөө-максаты эмне экенин билбейм, менин учурумда илим ишмерлерине фондулук жардам көрсөтчү. Келечек үчүн кандай пландары бар? Эмне кылгысы келет? Билбейм”, - деп кошумчалады Э.Шеварднадзе.

АКШга карата Грузийанын сайасаты алмашпай турганын бышыктаган Шеварднадзе, Российа менен мамилелерге да токтолуп: “Элдик санынын басымдуу көпчүлүгү грузин болгон Абхазийа жана Түштүк Осетийа менен байланыштуу Российа колунан келгендин бардыгын жасабады. Москва сөз жүзүндө ар дайым Грузийанын бөлүнгүстүгүн колдоп келген менен, иш жүзүндө көкүрөгүндө кандайча максаттарды катып жүргөнү маалым эмес”, - деп байандады.

“Түркийанын мурдагы президенти Сулейман Демирел менен 10 гана жылдын аралыгында, кылымдарга тете келүүчү иштерди жасадык”, - деп белгилеген Грузийанын ардагер сайасий ишмери Шеварднадзенин НТВ сыналгысына берген маалыматына ылайык, учурда Түркийа менен Грузийанын ортосунда 100дөй орток фирма бар. Ошондой эле, жаңы шайлана турган бийлик Грузийанын АКШ жана Түркийа менен мамилелерин мындан ары тыкысташтырып бекемдөөсү күтүлөт.

Иш жүзүндө, Грузийа мындан ары ого бетер Батышка жакын мамлекет боло тургандыгы жөнүндө Тбилисиден ишааралар берилип жатат. Шеварднадзени бийликтен алып таштаган массалык нааразычылык аракеттерин жетектеген Михаил Саакашвили жакын арадагы чыгып сүйлөөсүндө Грузийа үчүн Российанын турмуштук мааниси болгон менен, Тбилисинин Вашингтон менен мамилеси мындан ары ого бетер тереңдешип жакындашаарын айтты. Алдыдагы жекшемби күнкү шайлоодо президенттик орунга шайлануусу күтүлгөн 36 жашар Саакашвили: “АКШ Грузийанын мамлекеттүүлүгүн сактап калышы үчүн чоң жардам көрсөтүп жаткан кезде, Российа элди тукуруп, чыр-чатактарга себепкер болуусу аркылуу өзүнүн Кавказдагы абийирин төгүп алды”, - деп эсептейт.

Шеварднадзенин Грузийасын чечен жикчилерине баш паана болуп келгендикте айыптаган президент Владимир Путин Тбилисидеги бийлик алмашуусун канааттангандык менен кабыл алды жана өлкөсү менен Грузийанын ортосундагы ишенимдүүлүктү кайра калыбына келтирүү жөнүндө билдирди. Бирок, ошол айткан сөздөрүнөн 2 күн өтпөй туруп эле, Москва Грузийадагы жикчил Абхазийа жана Түштүк Осетийанын лидерлери менен сүйлөшүү өткөрдү. Москвадагы төрт тараптуу сүйлөшүүгө Ажарийа Автоном Жумуруйатынын күчтүү лидери Аслан Абашидзе дагы катышты. Ошондой эле 8-декабр күнү Москва Ажарийанын атуулдарына жеңилдетилген виза режимин берди. Российа ошого чейин абхазийалыктар менен түштүк осетийалыктарга жеңилдетилген виза режимин берген эле.

Кремлдин бул кадамы расмий Тбилиси тарабынан өлкөнүн ички иштерине одоно кийлигишүү катары бааланды.

Российа менен АКШнын Түштүк Кавказдагы дагы бир эрегишүүсү Каспийдин мунайын батышка алып чыгуучу куур багыты үстүнөн болуп келди. АКШ Азербайжандын мунайын Түркийа аркылуу алып чыгуучу 3 миллиард долардык Баку-Тбилиси-Жейхан (БТЖ) куур долбооруна салмагын койсо, Российа тарап Баку-Новороссийск багытын алгалатууга далаалат кылды. БТЖ куур багыты, Грузийанын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ болуу менен бир катарда, Түркийа жана жалпысынан Каспий бассейниндеги өлкөлөрдүн, ошондой эле, Орто Азийа жумуруйаттарынын келечектеги энергетика стратегийасы үчүн чечүүчү мааниге ээ болмокчу.
XS
SM
MD
LG