Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

ДИНИЙ ААЛЫМДАРДЫН ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ


БИШКЕК. 2-ЯНВАРЬ. Учурда Кыргызстандын диний башкармалыгы тарабынан өлкөдө диний илим кандидаты жана доктору илимий даражаларын ыйгаруу маселеси көтөрүлүүдө. Бул жөнүндө бүгүн башкармалыктын муфтийи Мураталы Ажы Жуман уулу «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш Кыргызстандагы мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлдөрүнүн статусун жогорулатуу, диний тармактагы кызматкерлерге даражаларды ыйгарууну жөнгө салуу жана башка максаттарды көздөп жатат. Муфтияттын жетекчилигинин айтымында, учурда Кыргызстанда жогорку диний окуу жайлары жаңыдан түзүлө баштагандыгына байланыштуу, диний илим кандидаты же доктору илимий даражаларына ээ болуунун талаптарынын бири -дүйнөдөгү белгилүү ислам университеттерин бүтүрүү болот. Ал эми Кыргыз улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы Үсөн Асанов билдиргендей, азырынча Кыргызстанда бир да диний илим кандидаты же доктору илимий даражасы бар адам жок. Адегенде, бул илимий даражаны ыйгарган атайын адистештирилген кеңеш түзүлүшү керек. Талап боюнча адистештирилген кеңеш 5тен кем эмес дин илимдеринин доктору жана 13төн кем эмес дин илимдеринин кандидатынан куралышы зарыл. Улуттук аттестациялык комиссия Кыргызстан муфтиятынын сунушун колдой тургандыгын билдирүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 7 ислам университети жана 42 медресе бар.

КАБАРЛАРДЫ БИШКЕК СТУДИЯСЫНДА АЗИЗА ТУРДУЕВА ЖАНА БАКЫТ АМАНБАЕВ ДАЯРДАШТЫ

РЕДАКТОРУ БЕКТАШ ШАМШИЕВ

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG