Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

ТАЛАС ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИНИН БУЙРУГУ


ТАЛАС.2-ЯНВАРЬ. Үч жылдан бери салт болуп келген иш чараны, кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин жамааты өзү баштап бермекчи. Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин башкы директору Жеңиш Чымаевдин айтымында, өткөн жылы зиярат жасоо иши өкмөттүк деңгээлде колдоого алынып, зиярат жасаган 100 миңге жакын адамдан «Манас Ордого» бир миллион эки жүз миң сом каражат түшкөн. Угармандардын эсине сала кетүүчү нерсе, мурдагы жылдары зыяраттан түшкөн каражаттар, облус бийгинин төбөлдөрүнүн карамагында болуп келген эле. Республиканын парламент, эркин басма сөз маалымат каражаттарынын кийлигишүүсү менен зияраттан түшкөн каражат «Манас Ордонун» өзүнө берилген. Ал эми «Манас Ордонун» басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, президент Аскар Акаевдин демилгеси менен «Манас Ордо» комплексин мындан ары өркүндөтүү боюнча өкмөттүк деңгээлде долбоор иш даярдалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG