Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНУН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШАТ


БИШКЕК. 2-ЯНВАРЬ. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданият министрлеринин экинчи жолугушуусу жана бул мамлекеттердин маданияттарынын биринчи фестивалы ушул жылдын башында өтөт. Республиканын билим жана маданият министринин орунбасары Султан Раев бүгүн маалымдагандай, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кезектеги жолугушуусу Алматы шаарында өтөөрү каралууда. Фестивалга кызматташтыктын өлкөлөрүнүн көркөм-өнөр топтору, ыр-бий ансамблдери, эстрада ырчылары катышат. Кызматташтыктын маданият министрлери жолугушуунун уюштуруу маселелерин кошумча талкуулашат. Шанхай кызматташтык уюмунун маданият министрлеринин биринчи жолугушуусу 2002-жылы Бээжинде өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG