Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Вашингтон Түндүк Кореядагы атомдук станцияга делегация жөнөтүү пландары жок экенин билдирди


Анын алдында эле Түндүк Корея Енбендогу атомдук станциясында америкалык делегацияны кабыл алууга макул болгонун Сеулдун өкүлү жарыялаган. Ага удаа Батыштык маалымат агенттиктери АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Америка Түндүк Кореядагы инспекцияга катышпайт деп айтканын кабарлашты. Сеулдун кабары боюнча, Енбендогу атомдук станцияга АКШлык өзөктүк куралдар боюнча окумуштуу адис жана бир нече дипломат кирген делегация келерки жумада бармак. Жакында Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал даярдоо программасын алты тараптуу жолугушууда кайра караштыруу ниетин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG