Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Түштүк Азиялык жети мамлекеттин тышкы иштер министрлеринын жыйынында чөлкөмдө эркин соода аймагын түзүү маселеси макулдашылды


Эркин соода аймагы ошентип, Индия, Пакистан, Непал, Шри Ланка, Мальдивдер, Бангладеш жана Бутанды бириктирмекчи. Исламабадда чогулган министрлер алдыдагы өкмөт башчылардын саммитинде каралчу маселелерди, Индия менен Пакистанды тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого көндүрчү жагдайларды да талкууламакчы. Байкоочулар жыйын башталаар алдында Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери кол алышып учурашканын, Делинин расмий өкүлү дем алыш күндөрү Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи менен Пакистандын президенти Первез Мушарраф көзмө-көз жолугушуп калышы ажеп эмес деп айтканын маалымдашты. Түштүк Азиялык лидерлердин саммити жекшембиде башталат, ал эми Индиянын өкмөт башчысы Исламабадга эртең бараары белгиленген.

XS
SM
MD
LG