Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Багдаддын батыш тарабында кулап түшкөн АКШлык аскерий вертолетто бир жоокер набыт болуп, экинчиси жараат алды


Ирактык полициячы "Ройтерс" агенттигине тикучма жерден атылган ракета тийип, Фаллужа калаасынын четине кулаганын кабарлаган. Америкалык командачылык кийинчерээк бул маалыматты ырастады. Өткөн түнү Киркук шаарында полиция менен нааразылык билдирип көчөгө чыккан эл кагылыша кетип, бир адам өлүп, дагы бирөө жарадар болгон. Соңку күндөрү Киркукта күрттөрдүн саясий бийлиги орнотулушуна каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан. Коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү бүгүн Сириядан Иракка чет элдик согушкерлерди өткөрүп турган деген шек боюнча Абу Мохаммед аттуу адам кармалганын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG