Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Бишкек-Ош автожолун оңдоого быйыл 50 млн. АКШ доллары жумшалат


БИШКЕК. Быйыл Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоонун үчүнчү бөлүгү башталат. Транспорт жана байланыш министрлигинин Бишкек-Ош автожолу боюнча башкармалыгынын жекекчиси Нурлан Сулаймановдун бүгүн билдиргенине караганда, бул иштерге жалпысынан 50 миллионго жакын АКШ доллары жумшалат. Үчүнчү бөлүгүндө Жалалабад облусунун аймагындагы Күрпсай ГЭСинен Ноокен районундагы Маданият айылына чейинки жол эки жыл ичинде оңдолушу күтүлүүдө. Министрликтен алынган маалымат боюнча быйыл Суусамыр-Тараз-Талас жана Ош-Сарыташ-Эркечтам жолдору да оңдолот. Азырынча, Суусамыр-Тараз-Талас жолун оңдоого Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 9,5 млн АКШ доллары бөлүндү. Ал эми Ош-Сарыташ-Эркечтам жолуна Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 25 млн. АКШ доллары жана кыргыз өкмөтү тарабынан 5 млн. доллар бөлүнгөн. Декабрь айынын аягында Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин Кытайга жасаган иш сапары учурунда кытай өкмөтү Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты.

Кабарларды Азиза Турдуева менен Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG