Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Лениндин эстелиги боюнча аппеляциялык арыз Жогорку Сотто каралат


БИШКЕК. Бишкектеги «Алатоо» аянтынан Лениндин эстелигинин которулушу мыйзамсыз болду деген маанидеги аппеляциялык арызды Кыргызстандын коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова Жогорку Сотко жолдоду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Клара Ажыбекова билдирди. Анын айтымында, эгерде Жогорку Сот арызды канааттандырбаса, Конституциялык сотко кайрылат. Буга чейин партия лидеринин арызы Бишкек шаардык сотунда жана шаардык соттун президиумунда каралып, канааттандырылган эмес. Доо арызда белгиленгендей, 2003-жылдын 11-августундагы кыргыз өкмөтүнүн ««Алатоо» аянтын кайра куруу жөнүндө» токтому 2000-жылы парламент кабыл алган «Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Клара Ажыбекова соттон Лениндин эстелигин которуу жөнүндө чечимди кабыл алган өкмөт мүчөлөрүн сот жообуна тартууну талап кылууда. Лениндин эстелиги «Алатоо» аянтынан өткөн жылдын 16-августунда алынып, Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтчага орнотулган. Анын ырасмий ачылышы 7-ноябрда өттү.

XS
SM
MD
LG