Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Кыргызстанда чакан учактар чыгарылат


БИШКЕК. Өкмөт башчы Николай Танаев Кыргызстанда чакан авиацияны өнүктүрүү тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык «Бишкек» эркин экономикалык аймагында А-27М үлгүсүндөгү чакан учактар чыгарылат. Өкмөт башчы ушул эле токтому менен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Чегара кызматына жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикке 2 айдын аралыгында учакты чыгаруунун техникалык планын иштеп чыгууну ташырды. Ал эми Каржы министрлиги 2004-жылдагы республикалык бюджеттен учакты чыгарууга керектеле турган жабдууларды сатып алуу үчүн каражат табууга милдеттендирилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG