Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Кичи шаарлар өнүктүрүлөт


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 15 млн. АКШ доллары кичи шаарлардын инфраструктурасын гана эмес, алардын өндүрүшүн, чакан жана орто ишкердикти, тейлөө тармагын көтөрүүгө жумшалат. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын шаарлары ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев маалымдады. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен социалдык мобилизациялоо жылына карата бөлүнгөн 65 млн. сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгү да кичи шаарларды өнүктүрүү иштерине сарпталат. Кыргызстанда жалпысынан 24 шаар бар. Алардын ичинен 10 шаар облустардын карамагындагы кичи шаарлар болуп эсептелет. Өзгөчө оор абал Сүлүктү, Көкжаңгак, Баткен, Исфанада. Буга чейин шаарларды өнүктүрүүгө чет элдик каржы уюмдарынан жардам болгон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG