Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

«Узтрансгаз» Кыргызстанга 2004-жылы табият газын берүүгө макул болду


БИШКЕК. Өзбекстан Кыргызстанга 2004-жылы жаратылыш газын берүүгө макул болду. Ага негиз берген эки тараптуу келишимге 31-декабрда «Узтрансгаздын» жетекчилиги менен «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысы Автандил Сыдыков кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына өкмөт башчынын кеңешчиси Андрей Иордан билдирди. Анын айтымында, келишимге ылайык Өзбекстан 2004-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 300 миллион кубометр газ берет. Жылдагыдан айырмасы - Кыргызстан быйыл газ акысын толук түрдө нак акча менен төлөйт. Ошондой эле келишимге ылайык 1000 кубометр газдын баасы 42 доллар болору макулдашылды. Ал эми «Кыргызгаз» ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда Кыргызстан Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн 10 млн. доллардан ашуун карыз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG