Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

ТАЛАШТАР ЛОЙА ЖЫРГАНЫ ЖАРГА ТАКАДЫ


Кабулда жалпыооган кеңеши - Лойа жырга ишемби күнү ишин улантты. Делегаттар жабык режимде талкууларды өткөрүштү. Бейшемби күнү эки жүздөй делегат конституциянын долбооруна добуш берүүдөн баш тартып, жыйындан чыгып кетишкен болчу, натыйжада Лойа жырганын иши токтоп калган. Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Лахдар Брахими жума күнү делегаттар менен жолугуп, аларды ич ара араздаштырган маселелер боюнча кеңири консультацияларды өткөрдү.

ООНдун өкүлү менен өткөрүлгөн масилет-кеңештер өтө пайдалуу болгонун тажик тайпасынын өкүлү Мохаутдин Махди моюндады. Президент Карзайдын бир тууган иниси Каюм Карзайдын сөздөрүнө караганда да жума күнкү бейырасмий талкуу-таңаштар маалында делегаттар көп маселелер боюнча мунаса тапканга жетишти.

Лойа жыргада конституциянын көпчүлүк бөлүгү жактырылды, бирок эң негизги пункттар делегаттарды араздаштырууда. Биринчи кезекте президентке кеңири бийлик-укуктар берилгени өлкөдөгү бир катар тайпалардын, баарыдан мурда тажик жана өзбек жамаатынын өкүлдөрүн нааразы кылды. Мындан алар майда улуттардын укуктарын басмырлоо фактысын көрүштү жана альтернативдүү вариант катары негизги мыйзамда премьер-министрдин кызматы каралышын, президенттин бир катар бийлик укуктары өкмөт башчысына берилишин талап кылышты. Бейшемби күнү лойа жырганын ишине байкот жарыялаган делегат-аялдардын бири, хазарлардын өкүлү негизги мыйзамда пуштундардан башка улуттардын укуктары урматталбай калганын белгилеп, ушундан улам добуш берүүдөн баш тартканын билдирди. Ал эми ушу тапта Иранда жашап жаткан ооган качкындарынын өкүлү Мохаммад Махди болсо көп чырды Лойа жырганын төрагасы Себгатулла Можадеддин баштап жатат деп эсептейт. Жүз элүүдөй делегат, мисалы, Ооган Ислам Республикасы деген аталышты тек гана Ооган республикасы деп алууну сунуш кылган экен, аларды жыйындын төрагасы ашык-кеми жок “каапырлар” деп атаптыр. Мындай жорук делегаттардын укугун урмат кылбагандыктын белгиси, делегаттар өз ойлорун эркин айтып, өздөрү туура көргөн ар кандай сунуштарды айта алат, бирок Можадеддин буга жол бергиси келбейт, деп айтты Махди.

Жыйын төрагасынын осолдугу Евросоюздун өкүлү Франсис Вендреллди да катуу өкүткө салды. Эгер улуттук, диний маанидеги кычыткы жана кытайма маанайдан арылбаса,ооган коому алыска бара албайт, деп эскертти европалык өкүл. Бирок Лойа жыргада дал ушул кычыктуу маселелер баарынан кыйын болуп чыкты. Делегаттар өлкөнүн ырасмий тили жөнүндө да бир пикирге келе албай жатышат. Көпчүлүгү пушту жана дари тилине ырасмий статус берилишин жактаса, делегаттардын бир даары, айрыкча түндүк провинциялардан келген өкүлдөр өзбек жана тажик тилине да ушундай укук берилишин талап кылышууда.
XS
SM
MD
LG