Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Москвага Кытайдын делегациясы келет


Алдыдагы аптанын дүйшөмбүсүндө Москвага Кытайдын делегациясы келет. Бул жерде алар Орусиянын ырасмий өкүлдөрү менен жолугуп, Түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан кризисти жөнгө салуу жолдорун талкуулайт. Талкууларда Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу мүмкүнчүлүгү да каралат. Бул учурда АКШнын делегациясы Пхеньянга жол тартканы жатат. Америкалык эксперттердин эки тобу Түндүк Кореянын Йонбондогу атомдук электр станциясында болуп, ал жердеги иштер менен таанышканга үмүттөнүүдө. Түндүк Кореянын бийликтери жаңы жыл алдында өзүнүн атомдук программасына байланышкан кризисти тынч жолдор менен жөнгө салганга ниети бар экендигин билдирип, ошондой эле бул проблеманы АКШ, Жапония, Кытай, Түштүк Корея жана Орусия менен талкуулоого даяр экендигин ырастаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG