Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

ЧОРО КОЖОМЖАРОВ - КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН БАШТООЧУСУ


Эл арасында улуттук эстрада музыкасынын баштоочулары, негиз салуучулары кимдер болгон деген соболдор байма-бай айтылып келет. Бул ирет кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири болгон республиканын эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров тууралуу сөз кылабыз.

1967-жылдын июнь айынын башы. Кыргыздын эл артистери Б. Бейшеналиева, Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, А. Мырзабаев, Р. Чокоева баштаган эл шайырлары менен жаңыдан гана уюшулган кыргыз эстрада ансамбли да Канаданын Монреал шаарында өтүүчү дүйнөлүк "ЭКСПО-67" көргөзмөсүнө катышууга сапар алат. Жаңыдан эстрада музыкасынын эшигин ачып, босогосун аттап жаткан топту комузчу, обончу, терең музыкалык сабаты бар Чоро Кожомажоров жетектеп барат. Көргөзмөдө курамы өркүндөтүлгөн комуздун үч (прима, альт, бас) түрүнөн, аккордиондон, бас-гитарадан, электро-домбрадан, урма аспаптардан турган ансамблдин коштоосунда А. Мырзабаев, Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, З. Шакеевалар ырдашып, Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева бийлешет. Алардын таланттары урматтоого ээ болот.

Алгачкы кадамы чет өлкөдөн башталган ансамблдин көркөм жетекчиси Чоро топту бутуна тургузуш үчүн күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө эмгектенет. Бала кезинен атанын жана аганын кесибин аркалап, комуз кармап, күүлөрдү черткен Чоро 1955-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнө кирет. Балалыктын балдай таттуу кыялдарына балкыган жаш улан бактысын музыкадан таап, сересине чыккысы келет. Бат эле музыкалык сабатын жоюп, фортепианодо, домбра-примада эркин ойноого жетишет. Бир эле мезгилде ал үчүнчү курстан тартып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде домбра-примада ойнойт. Комузчулар ансамблинде залкар күүлөрдү аткарат. Оркестрден ар кыл жанрдагы чыгармаларды угат. Аларды аткарат. Музыкалык аң-сезимин байытат. Аткаруучулук чеберчилигин төшөлтөт. 1959-жылы музыкалык окуу жайдын домбра-прима классын артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Бүтүндөй өмүрүн музыкага арноого арымын таштайт.

Комуз баштаган музыкалык аспаптарды катыра ойноо менен бирге, Чоро обон да жазат. 1962-жылы Кыргызстан композиторлор союзу уюштурган жаш композиторлордун сынагына катышып «Биз тынчты сүйөбүз», «Ашыгы келер кез болсо», «Кызганамын» аттуу ырлары үчүн баш байгени жеңип алат. Ошентип, ал музыка дүйнөсүнө баш-оту менен кирет. Айтканынан кайтпаган, алган ишин аягына чыкмайынча жаны тынбаган Кожомжаров жаңыдан канат күүлөй баштаган ансамблдин алгачкы аспапчыларына таланттуу музыканттар С. Жумалиевди, Б. Эгембердиевди, О. Усубалиевди, А. Тезекбаевди, Ю. Черкасовду, К. Мамасалиевди тартат. Ырчылардан болсо ансамблде иштөөгө Алтынбек Сапаралиевди, Айша Базарбаеваны, Нурхан Калназарованы, Зейнеп Шакееваны, Автандил Сатылгановду, Асек Момунгазиевди, К. Барыктабасованы ж.б. чакырат.

Чоро ансамблди жетектөө менен бирге эле ырчыларга репертуар таап, тандап, обондордун, күүлөрдүн улуттук түсүн, аваздык аспаптык көркөм боёкторун өчүрбөй иштеп чыгат. Чоронун эстрада музыкасынын тилин билгени, жаңычылдыгы обончу-ырчы Эсенаалы Кушчуевдин «Ой, тобо», эл куудулу, обончу-ырчы Шаршен Термечиковдун «Кантың бар», композитор Абдылас Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», Сардарбек Жумалиевдин «Дзержинский бульварым», Асек Момунгазиевдин «Студенттик өмүрүм», Токтогул Имашевдин «Бир болсок», Үсөн Сыдыковдун «Жыргалым», «Айбыгып жүрөм», Бейшеке Жандоровдун «өмүр гүлү» аттуу ырларында айдан ачык көрүнөт. Аталган обондор аваздык ажардуулугу, коштоолорунун назиктүүлүгү, элдиктүүлүгү менен угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк табат.

Эл артисти, дирижер Сардарбек Жумалиев Чоронун адамкерчилиги, шыгы жөнүндө мындай кеп салып берди:

- Чокем жөнүндө айта турган болсом сөз көп. Чоро менен айылдан келип М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында бирге окугандан тартып, көзү өткөнгө чейин бирге иштешип, бирге жүрдүм. Ал турсун үй-бүлөлүк катышыбыз да бар эле. Азыр болсо алардын баары көз алдымда турат. Чоро чачтары жатпаган, типтик турган, чүкөдөй болгон бала эле. Азыр ойлосом ал чачына жараша өтө кайраттуу, болбогон иштерге кейип-кепчибеген, эрки бек, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, катуу сүйлөбөгөн, жибектей созулган, кыз мүнөз сулуу жигит эле.

Чоро биринчи курстан эле комузду жакшы черте баштады. Экинчи курста домбраны кадимкидей безилдете чертип кетти. Ал ар бир аспапты өтө музыкалуулукта, өзгөчө уккулуктуу так, таза чертер эле. Баса ушул жерден эстен чыккыс, көңүлдөн өчкүс бир окуяны айта кетейин. Экөөбүз тең эл аспаптар оркестринде иштейбиз. Маэстро Асанкан Жумакматов оркестрге башкы дирижер болуп иштеп калды. Ал жаштарды өстүрөм деген демилге менен мени балалайкада Андреевдин «Жаркыраган ай», Чорону домбрада Будашкиндин чыгармасын черттире баштады. Ошол кезде Москвада кыргыз музыкасынын концерти болуп калды. Эл аспаптар оркестринин концерти Чайковский атындагы консерваториянын залында өтүп калды. Чоро экөөбүз ошол концертте биринчи жолу жекеден чыгып, Андреевдин, Будашкиндин чыгармаларын аткардык. Угуучулар кыргыздын уландары комузду эле эмес, балалайканы, домбраны да катыра чертишет турбайбы деген ойдо калышты. Ошентип, Москвада биздин аткаруучулук тушообуз кесилди.


- Сардарбек мырза, ансамблдин тунгуч катышуучусу катары Чоро кандай музыкант эле? Ошол тууралуу угармандарга айта кетсеңиз?

- Филармониянын алдына эстрада ансамбли уюшулат деп калышты. Чоро жетекчиликке дайындалды. Чокем мага: «Саке эстрада ансамблин чогуу уюштуруп, бирге иштешели» деп калды. Макул болдум. Бат эле чакан ансамблди уюштурдук. Чогуу иштеп калдым. Жаңы ырларды жаздык, обондорду аспапташтырдык. Ансамблдин тушоо кесүү концертинде менин «Дзержинский бульварым» аттуу ырымды Айша Базарбаева ырдап чыкты. Маркум Чоро тубаса өтө музыкалуу адам эле. Комуз, домбра эле эмес фортепионодо да жакшы ойночу. Ансамблде ырдайм деген ырчылардын, обончулардын ар жак-бер жагын дароо карап, ырларын шак эле иштеп чыгып, жакшы кийим кийгизип, сахнага алып чыкчу. Алардын көпчүлүгү кыргыз обончулары эле. Бир сөз менен айтканда, кыргыз эстрадасын өнүктүрүүдө эмгеги өтө зор. Биздин ансамбль алгачкы концертинен эле угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Кайсы жерге концерт койбойлу эл көп келчү. Билет таппай сурагандар көп болчу.

Замандашы Сардабек Жумалиев белгилегендей, Чоро Кожомжаров жетектеген эстрада ансамбли бат эле кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна чейин белгилүү болот. Алсак, чакан топтун өнөрү менен Канаданын, Түркиянын, Монголиянын, Сириянын, Белгиянын, КМШ өлкөлөрүнүн угуучулары таанышат.

өзгөчө музыкалуу, өткөрө сабаттуу Чоро Кожомжаров иштеп чыккан С. Жумалиевдин «Жигит ай», А. Керимбаевдин «Кара көлдүн кыздары ай», Ж. Шералиевдин «Жаштык», Н. Давлесовдун «Шаардык жигитке», М. Рыскулбековдун «Чолпонбай» аттуу ж.б. ондогон авторлордун обондору кыргыздын улуттук эстрада музыкасынын уюткусун түзөт. Чоро Кожомжаров таланты ташкындап турган 39 жаш курагында табышмактуу өлүм менен мезгилсиз о дүйнөгө сапар алат. Андан бери 23 жыл өттү. Ансамбль чилче тарады. Музыкалык коомчулукта маркум Чоронун жаркын элеси, элине таштап кеткен музыкалык мурастары бирде эстелип, бирде эстелбей келет.
XS
SM
MD
LG