Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Нарында да шарп оорусу күчөдү


НАРЫН. Нарын районунун Онарча айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылынын тургунунун короосунан малдын жугуштуу шарп ылаңы чыкты. Райондук ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Жантай Бариевдин билдиргенине караганда, Оттук айылынын тургуну Токмок шаарындагы базардан эки торпок сатып келген. Алар Тоң районундагы Улахол айылынын тургунуна таандык болгон. Торпоктор эч кандай ветеринардык документтери жок сатылган. Натыйжада, ал оорукчан торпоктордон тараган ылаң 10 уйга жуккан. Жантай Бариев өткөн үч күндө 3000 уй ваксинациядан өткөндүгүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG