Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 15:14

Таласта шарп ылаңынан улам мал базарлар жабылды


ТАЛАС. Шарп ылаңынын жайылып жатканына байланыштуу буга чейин Манас, Карабуура, Бакайата райондорундагы мал базарлар жабылган эле. Бирок эмдөө жолу менен ылаңды токтотууга мүмкүн болбой калды. Натыйжада 3-ноябрда Талас районунун Чатбазар айылындагы «Ырысаалы» мал базары, 4-январь күнү облус борборундагы «Тай жорго» мал базары милициянын күчү менен жабылды. Облустук ветеринардык башкармалыктан 4-январда алынган маалыматка караганда, шарп ылаңы Таласка Казакстандын Шымкент шаарынан чыккан эпидемиядан улам жугуп, тараган. Ошентип, Таластагы баардык мал базарлар 21 күнгө жабылды. Маселе орчундуу болгондуктан, 4-январь күнү түштөн кийин облустук мамлекеттик администрациянын атайын жыйыны өтүп, анда ылаңды эмдөө, Таласка сырттан мал киргизбөө жана чыгарбоо, сатылып жаткан этти кылдат көзөмөлдөө боюнча сөз жүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG