Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кыргызстандык байкоочу Грузиядагы президенттик шайлоо тууралуу


БИШКЕК. Бүгүн Грузияда президенттик шайлоо өттү. Мамлекет башчылыгына 5 талапкер ат салышты. Шайлоонун жүрүшүнө КМШ өлкөлөрүнүн 60 өкүлдөн турган миссиясы да байкоо жүргүздү. Бул тууралуу ал миссиянын курамында шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан кыргыз парламентинин депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн «Азаттыкка» Тбилисиден телефон аркылуу билдирди. Анын баамында президенттикке шайлоо тынч өттү жана шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Михаил Саакашвилини жактап добуш беришти. Ал эми Интерфакс агенттигинин жазганына караганда, Грузия Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Зураб Чиаберашвили маалымат жыйынын өткөрүп, 4-январда 1 млн. 200 миң шайлоочу добуш берүүгө келгенин, демек, шайлоо болгондугун билдирген. Грузиянын мыйзамдары боюнча, шайлоого 900 миңден ашуун шайлоочу келсе, ал өттү деп эсептелинет. Грузия БШКсы шайлоонун алгачкы тыянагын кечки саат 10дордо чыгарууну убада кылууда.
Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары Кыргызстандан Өмүрбек Текебаевден тышкары «Атамекен» партиясынын мүчөсү Мамат Момунов, оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен укук коргоочу Турсунбек Акун катышты. Ал эми Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Грузияга байкоочу жөнөткөн жок, анын себебин каражаттын жоктугу менен негиздеди.

XS
SM
MD
LG