Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Исламабаддагы саммиттин алкагында Индия менен Пакистандын өкмөт башчылары жолугушту


Бүгүн Пакистандын борбору Исламабадда Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 3 күндүк саммити башталды. Ага катышканы Исламабадга Индиянын премьер-министри Атал Бихари Ваджпаи келди. Бул анын 1999-жылдан бери Пакистанга биринчи жолу келиши. Ал Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар 2002-жылы Кашмирдин айынан болгон кризистен кийин биринчи жолу кездешип отурушат. Жолугушуудан кийин Индиянын өкмөт башчысы Пакистандын президенти Первез Мушаррафка ушул саммиттин алкагында көзмө-көз сүйлөшүүнү сунуш кылды.
Эки тарап тең азырынча Кашмирдеги чатак талкууланбай турганын айтышууда. Кашмирдин айынан Индия менен Пакистан эки жолу согушкан.
Пакистан менен Индиянын жетекчилеринен тышкары бул жыйынга Бангладештин, Шри Ланканын, Непалдын, Бутандын жана Мальдив аралдарынын башчылары катышууда. Саммиттин алкагында 2006-жылы бул региондо эркин соода аймагын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлат деген божомол бар. Түштүк Азияда дүйнө жүзүндөгү элдин бештен бирине жакыны жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG