Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Ооганстандын Элдик Жыйынынын делегаттары бул өлкөнүн болочок конституциясы боюнча бир пикирге келишти


Ооганстандын Элдик Курултайынын - Лойя Жырганын делегаттары Ооганстандын жаңы конституциясынын долбоору боюнча бир пикирге келишти. Батыш маалымат агенттиктеринин соңку кабарларына караганда, бул документке ылайык президентке кеңири ыйгарым укуктар берилет, бирок ошону менен бирге анын эки вице-президенти болот. Мамлекеттик тил катары пуштун жана дари тилдери кабыл алынды, бирок өлкөнүн башка улуттар басымдуулук кылган аймактарында үчүнчү расмий тил болушу мүмкүн. Жыйындын делегаттары буга чейин өлкөнүн саясий түзүлүшү боюнча жумалап кепке келе албай жүрүшкөн. Эгерде Ооганстандын конституциясы кабыл алынса, дээрлик чейрек кылым бою согуш жүргөн бул өлкөдө алгачкы ирет жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө жол ачылат.

XS
SM
MD
LG