Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Грузияда президенттик шайлоо аяктады


Грузияда бүгүн, жекшембиде, президенттик шайлоо болуп өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, түшкө чейин эле 1 миллион 700 миңдей шайлоочулардын 1 миллионго жакыны шайлоого катышты. Шайлоону өттү деп эсептеш үчүн мыйзам боюнча шайлоочулардын кеминде 50% добуш берүүгө катышышы керек. Мамлекет башчысынын кызматы үчүн 6 талапкер ат салышты. Айрым көз карандысыз байкоочулардын алдын-ала маалыматына караганда, оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвили шайлоого катышкандардын 80% добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти. Ал мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин ноябрда кызматтан кетишине түрткү болгон “Бирдиктүү улуттук кыймылдын” башында турган.
Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзенин өзү бүгүн Михаил Саакашвилиге добуш бергенин билдирди. Шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы дүйшөмбүдө чыгарылат.

XS
SM
MD
LG