Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

ВАЖПАЙИ МЕНЕН МУШАРРАФ ЖЫЛУУ МААНАЙДА ЖОЛУГУШТУ


Бүгүн Түштүк Азия кызматташтык ассоциациясынын Исламабад саммити улантылды. Көпчүлүк байкоочулар менен дипломаттар жыйындын өзүнө эмес, Индия менен Пакистан лидерлеринин жеке жолугушуусуна көбүрөөк маани берип жатышат. Айрымдар аны атүгүл тарыхый катары баалап, жарым кылымдан бери касташып келаткан эки өлкөнүн мамилелери эми оңолобу деген үмүттө.

Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмед “Ассошиейтед Пресске” кабарлагандай, Важпайи менен Мушаррафтын бир саат беш мүнөткө созулган жолугушуусу “жылуу жана позитивдүү маанайда өттү”.

Кезигишүүнүн алдында соңку беш жыл ичинде Пакистанга биринчи жолу келген Индиянын премьер-министри Атал Бехари Важпайи эки кошуна мамлекет өз ара талаш-тартыштарын жөнгө салуу үчүн диалогго барышы керек деген оюн билдирди:

- Сүйлөшүүлөргө эки өлкөнүн тең бирдей өкүлдөрү катышып, өз ара масилеттешүү ырааттуу улантылышы абзел. Ошондо биз бири-бирибиздин кыйынчылыктарыбызды түшүнүп, маселени чечүүнүн жолун чогуу таба алабыз.

Важпайи ошондой эле Индиянын Жогорку комиссиясынын Исламабаддагы өкүлчүлүгү жайгаша турган комплекстин алгачкы ташын орнотуу аземине да катышты.

Эки лидердин Исламабаддагы сүйлөшүүлөрү катуу кайтарууга алынган Президенттик сарайда өттү. Эсиңиздерге сала кетели, жыл аягында Пакистандын президенти Первез Мушарраф эки жолуөмүрүнө кол салуу аракетинен аман калган болчу.

Саммиттин ачылыш сессиясында Важпайи Пакистандын өкмөт башчысы Зафарулла Хан Жамали менен жылуу учурашкан эле. Бирок анын Мушарраф менен жолугушуусуна, албетте, көбүрөөк маани берилди. Эки тараптын расмий өкүлдөрү соңку мүнөткө чейин лидерлердин кездешүүсү жөнүндө маалыматты тастыкташкысы келген жок.

Кээ бир дипломаттар Исламабад менен Делинин жогорку өкүлдөрүнүн жолугушуусу менен эки мамлекет ортосундагы мамилелер калыбына келтирилип, тынчтык процессине карай кадам ташталат деген ишенимде. Бирок жылдар бою тараптардын мамилелерине көлөкө түшүрүп келаткан Кашмир маселеси бир эле күндө чечиле калбасы түшүнүктүү. Индия мусулмандар көпчүлүктү тузгөн Кашмир аймагынын дээрлик 45 пайызын контролдойт. Чөлкөмдүн үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган Пакистан болсо ислам согушкерлерин Индияга каршы тукурууда деп, Дели тарабынан күнөөлөнүп жүрөт. Исламабад өз кезегинде мындай айыпты четке кагып, Индиянын коопсуздук күчтөрү Кашмир өрөөнүндө адам укуктарын бузууда деген кине тагып келатат.

Ал эми эки жыл мурун индус парламентиндеги кол салуудан кийин, тараптар аз жерден согуша кете жаздаган. Расмий Дели парламентке аршы чабуул үчүн Пакистандын колдоосу алдында аракеттенген согушкерлер жооптуу деп, Исламабадды айыптаган. Кашмирдеги чек ара тилкесине эки жактан тең 1 миллионго чукул аскер тартылган.

Былтыр апрелде болсо Важпайинин демилгеси менен касташууну токтотуу аракеттери кайрадан жанданды. Ошондон бери Исламабад менен Делинин дипломатиялык мамилелери калыбына келтирилип, эки өлкө ортосунда унаа кайрадан каттай баштады.

Тынчтык процессине карай эң маанилүү кадам ноябрда, Пакистан Кашмирдеги чек арада ок атышууну убактылуу болсо да токтотуу жөнүндөгү чечим кабыл алганда жасалган.

Важпайи менен Мушарраф акыркы жолу мындан эки жарым жыл илгери - 2001-жылдын июль айында Индиянын Агра шаарында жолугушкан. Бирок ал сүйлөшүүлөрдө дагы эки жетекчи Кашмир провинциясы боюнча талашты жөнгө салууда орток пикирге келе албай, жолугушуу ийгиликсиз аяктаган.

Ал эми дүйшөмбү күнкү жолугушуунун башкы оюнчуларына кайрылсак, Важпайи эмки шайлоого барбай турганын жарыялаган, Мушарраф болсо президент болуп кала берсе да, 2004-жылы куралдуу күчтөрдүн башкы командачы кызматын өткөрүп берүү жөнүндө сөз берген эле.

Ошондуктан байкоочулардын көбү эки лидер тең тарыхта калууну көздөп, тынчтык процессин алга жылдырууга кызыкдар деген ойдо. Бирок алар орток пикир таба алабы? Бул – жообу дароо табылбай турган башка суроо.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG