Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Ооганстандын дарегине өлкөнүн жаңы Конституциясынын кабыл алынганына байланыштуу куттуктоолор айтылып жатат


АКШнын президенти Жорж Буш Конституция Ооганстанда демократиялык институттардын жаралышын шарттап, быйыл жалпы элдик шайлоо өтүшүнө негиз түзүп жатканын белгиледи. Ж.Буштун айтымында, демократия Ооганстанда эми террорчулар эч качан башпаанек таба албашынын кепилдиги болушу керек. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан бул окуяны "тарыхый жетишкендик", немец тышкы иштер министри Иошка Фишер " манилүү кадам " деп атады. Оогандардын жалпы улуттук жыйыны Лоя Жырга үч аптага созулган талкуудан кийин документти кечээ кабыл алды. Конституцияга ылайык, Ооганстан ислам республикасы деп жарыяланды жана ал президенттик башкаруудагы өлкө болот. Парламент эки палатадан турмакчы, эркектер менен аялдардын укугу бирдей. Өлкөнүн расмий тили – дари жана пушту. Бирок, кайсыл бир улуттук тайпа жыш отурукташкан аймакта алардын тили да расмий тил деп эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG