Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУ КАЙРАДАН БАШ КӨТӨРДҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Өнɵгɵсүз ɵпкɵ оорусу кайрадан дүйнɵ жүзүнүн Өнөгөсүз өпкө оорусу кайрадан дүйнө жүзүнүн тынчын ала баштады. Бул ирет Кытайдын Гуандун провинциясында туулган 32 жаштагы жигит ооруга кабылганы дайын болду. Дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурган бул дарт кыргызстандыктарды да чочутуп турат.

2003-жыл өнөгөсүз өпкө оорусунун жайылышы менен да дүйнө коомчулугунун эсинде калды көрүнөт. Азырынча дабасы табыла элек бул дарттан Кытай, Тайван жана Гонконгдо 800гө чукул адам каза тапты. Былтыр июнь айында коркунуч азайып, эпидемиялык абал кайрадан калыбына келген. Адистердин айтымында, соңку 10 жыл ичинде мындай коркунуч болгон эмес жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да минтип кайсы бир өлкөгө саякаттаганга тыюу сала элек болчу.

Ошентип, илдет солгундагандан кийин кайрадан Гуандун, Тайван жана Гонконг өңдүү жерлерге барууга уруксат берилген. Бирок ошондо эле адистер бул илдет качандыр бир баш көтөрөт деп эскертишкен болчу.

Жыл тогошордо Кытай кайрадан коңгуроо какты. Кытайдын Саламаттык сактоо министри өнөгөсүз өпкө оорусуна кабылган 32 жаштагы адам ооруканага түшкөнүн кабарлады. Азырынча дабасы жок бул дарттын очогу болгон мамлекеттер кайрадан коргонуу чараларын күчөттү. Ал эми европалык адистер эмне үчүн бул оору кайра козголгонуна баш оорутушууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай дарыгерлерине анча ишенкиребей, соорукчанга диагноз коюуга чет мамлекеттик адистерди тартууну кеңеш кылып турат.

Аңгыча 5-январь күнү Кытай дарыгерлери маалымдаганга караганда, өпкөсү кагынган 32 жаштагы жигит өнөгөсүз өпкө оорусунун мурдагыдан да башкача түрүнө кабылган.

Кытай менен чектеш мамлекет катары Кыргызстан бул дартка чочулоо менен мамиле кылат. Өнөгөсүз өпкө оорусуна кабылган бир адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн адистердин болжолунда, кеминде 20-30 миң сом талап кылынат. Кыргызстандык ак халатчандар кокус бул дартка кимдир бирөө чалдыкса анын өмүрү үчүн күрөшкө даяр турганын билдиришүүдө.

- Кыргызстанда да бул дартка карата тынчсыздануу сакталуу. Чегарадагы бекеттерде чет мамлекеттерден келгендерди текшерип атышат. Ага керектүү бардык жабдуулар даяр. Азыр эми бүт дүйнө жүзү чочулап аткандан кийин биз да сактанышыбыз керек. Бул жаңы чыккан дарттын белгилери кандай, алгачкы жардам кандай болушу керек деп ооруканаларда, чегара постторунда окууларды өткөрдүк, - дейт Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев.

Азия өнүктүрүү банкы өнөгөсүз өпкө оорусун алдын алуу иш-чараларына 90 миң доллар бөлдү. Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана карантин боюнча республикалык борбордун башчысы Жалалидин Гайбулиндин айтымында, бул каражатка Торугарттагы, Эркечтамдагы, «Ош» жана «Манас» абамайдандарындагы санитардык бекеттердин техникалык жабдуусун оңдоп, микробиологиялык лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу иштери жүрүүдө. Дартка чалдыкты делгендер дароо ооруканада жаткырылып, дарыланыш үчүн 50 кишиге ыңгайлуу орундар даярдалды.

Кыргызстан менен чектеш Кытайдын Шиңжан аймагында бул дарт байкалган жок. Ушундан улам жергиликтүү байкоочулар бул айыкпас дарт Кыргызстанды каптайт деп тынчсызданышпайт, бирок ошол эле учурда сактыкта кордук жок дешет.

- Бизге Шиңжандан каттагандар көп, ошолор менен байланыш күчтүү да. Ал эми бул оору Кытайдын Тайван тарабынан чыгып атат. Ошондуктан олуттуу деле коркунуч жок, бирок ошол эле учурда аба менен жуга турган дартка да ишенич жок. Эң негизгиси - чегарадагы санитардык бекеттерде текшерүүнү күчөтүшүбүз керек. Кытайдан кирип келаткандар бет кап кийип алып киришсин. Эгер кандайдыр бир сыркоо адам байкалса аны дароо алып кирип кеткидей атайын жабык жайлар болуш керек, - дейт кесиби дарыгер, депутат Ташболот Балтабаев.

Азырынча ырасмий булактар аркылуу Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусуна кабылган бир гана адам тууралуу маалымат тарады. Бирок, гезиттер андан да бөлөк оорулуулар болушу ыктымалдыгын жазышууда. Маселен, «Филиппинс тудей» гезити «Гонкконгдо ооруканада оор абалда жаткан аял дал ушул дарт менен алпурушуп атат көрүнөт» деп жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG