Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Баткенде шарп ылаңы күчөдү


БАТКЕН. Жергиликтүү тургундардын пикирине караганда, акыркы күндөрдө Баткен районунун Кызылбел, Булакбашы, Чек жана Карабак айылдарында шарп илдетине кабылган бодо малдын саны кескин көбөйдү. Ал эми облустук ветеринария башкармалыгынын жетекчилиги аталган айылдарда бодо мал чын эле шарп менен ылаңдап жатканын, бирок азырынча илдетке канча мал кабылгандыгы тууралуу так маалымат жоктугун 5-январда «Азаттыкка» билдирди. Адистердин пикири боюнча, мал негизинен шарптын жеңил түрү менен ылаңдап жатат. Дарылоо иштери жакшы жүргүзүлсө мал 10-15 күндүн ичинде толук сакайып кетиши мүмкүн. Буга чейин облустагы бодо малдын дээрлик баардыгы, тактап айтканда, 97 миң 760 бодо мал шарпка каршы эмдөөдөн өткөн. Бирок, эмдөө жети түрлүү шарп илдетинин А жана О деген эки гана түрүнө таасир эткендиктен, бул ирет мал оорунун башка түрүнө кабылган деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG