Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Таластык дыйкандардын нааразылыгы уланууда


ТАЛАС. Төө буурчак өстүргөн дыйкандардын 300дөй өкүлү 4-январда Карабуура районунун борбору Кызыладырга чогулушуп, өткөн жылдын 4-декабрында кабыл алынган токтомдун аткарылышын талап кылышты. Ал токтомдо Түркиянын «Робин» фирмасынын Кыргызстандагы аракетин токтотуу талабы коюлган эле. Акциянын катышуучулары жергиликтүү бийликке 10-январга чейин маселени чечүүгө убакыт беришти. Ушул эле күнү кечинде облустук мамлекеттик администрациянын чукул чакырылган коллегиясы өтүп, анда Карабуурадагы абал каралды. Коллегияга Карабуура райондук бийлигинин жетекчилери, облустук бийликтин коллегия мүчөлөрү жана облустук күч органдарынын жетекчилери катышты. Коллегия «жабык эшик артында» өткөндүктөн, ага журналисттер түгүл облустук бийликтин бөлүм башчыларын да киргизишкен жок. Жыйында эмне сөз болгону тууралуу маалымат берүүгө катуу тыюу салынгандыктан, ага катышкан ырасмий адамдар журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG