Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

СПИДге чалдыккандар көбөйүүдө


БИШКЕК. 2004-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда СПИД - адамдын иммуно таңсыктык вирусун жугузуп алгандардын саны 494кө жетти. Мындай маалымат республикалык «СПИД» бирикмесинин диспансердик бөлүмүнүн башчысы Дамира Иманалиевадан алынды. Анын айтымында, ноокастардын 419у Кыргызстандын атуулдары жана анын ичинде СПИД менен ооругандардын саны 18. Дамира Иманалиеванын билдирүүсү боюнча, бул ырасмий каттоого алынган ноокастардын гана саны. Иш жүзүндө алардын саны беш миңден кем эмес деген божомол бар. Анткени, баңгизатын сайынгандар жана түрмөдө жаткандар арасында бул ооруга чалдыккандар күн санап өсүүдө. Ушундан улам республикалык «СПИД» бирикмеси СПИДге каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд бөлгөн 17 млн. доллардын ушул жылга бериле турган 2 млн. долларын баңгичилер, сойкулар, түрмөдөгүлөргө жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерине сарптаганы жатат.

XS
SM
MD
LG