Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстан быйыл тышкы карыз үчүн 800 млн. сом төлөйт


БИШКЕК. Тышкы карыз үчүн Кыргызстан быйыл 800 млн. сом төлөйт. Ал эми өткөн жылы өлкө 556 млн. сом кайтарды. Бул тууралуу 5-декабрда Каржы министрлигинин Тышкы карыздар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдыразаков билдирди. Анын айтымында, 800 млн. сом негизинен Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу уюмдарга төлөнөт. Жалпысынан Кыргызстан быйыл тышкы карыз үчүн 2 млрд. 800 млн. сом төлөөгө тийиш эле, бирок анын 2 миллиарды реструктризацияланган. Өткөн жылы болсо 1,5 млрд. сом тышкы карызды төлөө кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG