Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы январда ишке кирет


БИШКЕК. 15-январда Кытайдын борбору Пекинде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Анда уюмдун катчылыгынын ишке кириши жана өткөн жылы май айында Москвада болгон саммиттин чечимдерин аткаруунун жүрүшү боюнча маселелер каралат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюму боюнча Кыргызстандын улуттук координатору Асанбек Осмоналиев 5-январда билдирди. Анын маалыматы боюнча, Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алдында 11-14-январда Пекинде Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координаторлордун жыйыны өтмөкчү. Ал эми уюмдун Пекинде жайгашкан катчылыгында үч, Ташкенде жайгашкан антитеррордук борборунда дагы үч кыргызстандык өкүл иштейт. Катчылыкта болсо 6 өлкөдөн жиберилген 30 кызматкер эмгектенет.
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун органдарын каржылоого жыл сайын 379 миң доллар төлөйт. Бул - уюмдун органдарын каржылоого кеткен чыгымдын 10% түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG