Дүйшөмбүдө АКШнын Грузиядагы элчиси Ричард Майлз “Грузиядагы президенттик шайлоо демократиялуу шартта өттү” деп билдирди. Ал “Бирдиктүү улуттук кыймылдын” башчысы Михаил Саакашвилинин жеңгенинен күмөн санабай турганын да айтып өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда, жекшембиде М. Саакашвили шайлоого катышкандардын 95% добушуна ээ болду. Шайлоонун расмий жыйынтыгы шейшембиде чыгарылат.