Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Европарламентти ким бутага алды?


Европарламенттин Манчестердеги кеңсесинде кечээ күнү катка катылган бомба жарылды. Жардыруудан эч ким жабыр тартпады.
Бомба жарылган кезде Европарламенттин британиялык мүчөсү Кари Тайтлей кеңседе болгонбу же жокпу, азырынча белгисиз.

Дүйшөмбү күнү эртең менен катка салынган бомба германиялык парламентарий Ханс-Герт Пөттерингдин кеңсесинде да жарылган.

Акыркы күндөрү Евробиримдиктин кеңселеринде мындай төрт бомба жарылды.
Катка катылган бомбалардын көпчүлүгү Италиянын Болонья шаарынан жөнөтүлгөнү аныкталган.

Эл аралык кабарлардын таңкы чыгарылышын даярдап, окуган – Амирбек Азам уулу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG